Равшан Жээнбековду жактоочусу башка камерага которууну суранууда
Адвокат Эркин Саданбеков Равшан Жээнбековду башка камерага которуу өтүнүчү менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинин жетекчиси Элдияр Асанбаевге кайрылды. Кайрылуунун көчүрмөсү Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго, Human Rights Watch Kyrgyzstan жана Freedam Now уюмдарына жөнөтүлгөн