Равшан Жээнбековду жактоочусу башка камерага которууну суранууда

02.09.23 | 19:44

Равшан Жээнбековду жактоочусу башка камерага которууну суранууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Адвокат Эркин Саданбеков Равшан Жээнбековду башка камерага которуу өтүнүчү менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинин жетекчиси Элдияр Асанбаевге кайрылды. Кайрылуунун көчүрмөсү Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго, Human Rights Watch Kyrgyzstan жана Freedam Now уюмдарына жөнөтүлгөн.

«Дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында менин жактоочум саясий туткун Жээнбеков Равшан Бабырбековичтин бөйрөк жана боору ооруп жатканы аныкталды. Бул анын Бишкектеги СИЗО-1деги медициналык карточкасында көрсөтүлгөн.

Ага карабай СИЗОнун администрациясы аны нымдуу жер төлөдөгү 135-камерага которду. Бул бөлмө муздак, нымдуулугу жогору жана, албетте, камактагы адамдын ден соолугунун ансыз да оор абалын бузат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу айыпталуучу Р. Б. Жээнбековду Кемпир-Абад иши боюнча башка камакка алынгандар менен бирге, тезинен үчүнчү кабаттагы жылуурак жана нымдуулугу аз камераларга которууну өтүнөм», — деп айтылат билдирүүдө.

https://koom.press/news/57073

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: