Үнжүоглу: Учак кырсыгы боюнча кенемте кечигүүдө


Бишкектин жанындагы Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан кийинки абал, 17-январь 2017-жыл.

Бишкектин жанындагы Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан кийинки абал, 17-январь 2017-жыл.

“Манас” аба майданынын жанындагы Дача СУ айылында болгон учак кырсыгынан бери бир айдан ашык убакыт өттү. Анкарадагы “Сейхан” юридикалык борбору кенемте төлөө маселесинде жабыркагандардын укугун коргоого жардам көрсөтөрүн билдирип чыкты. Түрк мыйзамдары боюнча компенсация маселеси кандай чечилет? Бул боюнча борбордун адвокаты Хакан Үнжүоглу «Азаттыкка» маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстанда январь айында өтө кейиштүү учак кырсыгы болду. Учактын кожоюну “ACT аба жолдору” жабыркагандарга кенемте төлөнөт деп убада кылган. Мыйзамдык жактан компенсация төлөнгө чейин кайсы процедуралар жасалышы керек?

Хакан Үнжүоглу: Биринчиден, кырсыктаган учак Түркиянын жарандык авиация мыйзамдары менен иштеген учак болчу. Түрк мыйзамдарына ылайык, Түркиянын аэропортторунан учуп чыккан жана түрк авиациясында каттоодо турган учактардын милдеттүү түрдө камсыздандыруусу болушу керек.

Эки негизги камсыздандыруу бар. Биринчиси — учактагы жүктү жана жүргүнчүлөрдү камсыздандырат. Экинчи камсыздандыруу учактын кайсы бир бөлүгүнөн жабыркаган үчүнчү тараптардын чыгымдарын төлөп берет.

Алгач камсыздандырган компанияга кайрылуу керек. Эгер компенсация төлөнбөсө, соттук процесс башталат. Сот эсептеп берген каражатты камсыздандыруу компаниясы төлөп берүүгө милдеттүү.

Түрк учагынын кыйрашына пилоттун катасы себеп болгону айтылган.

Түрк учагынын кыйрашына пилоттун катасы себеп болгону айтылган.

Мындан тышкары кырсыктан жабыркаган адамдарга моралдык компенсация берилет. Себеби алардын айрымдары жакындарын жоготушту. Психологиялык сокку алышты.

Компенсация маселесин караган сот окуянын чоо-жайына, фирманын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карата моралдык компенсациянын көлөмүн аныктайт. Түрк мыйзамы боюнча, фирма моралдык кенемтени да төлөөгө милдеттүү.

“Азаттык”: Авиация жаатында Кыргызстан менен Түркия эки башка эл аралык келишимдерге мүчө экен. Кыргызстан Варшава конвенциясына, Түркия Монреал конвенциясына кирет. Эксперттер кырсык Кыргызстанда болгон үчүн компенсация кыргыз мыйзамдары менен аныкталарын билдиришкен. Сиздин оюңузча, кенемте маселеси Түркия мыйзамдарына ылайык чечилиши керекпи?

Хакан Үнжүоглу: Албетте, Кыргызстандын мыйзамдары менен компенсация талап кылып, соттук териштирүүлөрдү баштаса болот. Мында маселе жок. Бирок кенемте төлөө маалында кандайдыр бир маселелер чыгышы мүмкүн. Себеби түрк фирмасынын Кыргызстанда эч бир байлыгы же мүлкү жок.

Эгер Кыргызстанда кенемте боюнча бир чечим кабыл алынса, ал соттук чечим Түркияда күчкө ээ болушу үчүн бул өлкөдө да кайра соттук териштирүү жүрүшү керек. Биздин айталы дегенибиз, экинчи соттук ишке кириптер болбой туруп, Түркиянын жарандык авиация мыйзамынын 106-Улуттар ортосундагы жеке укук мыйзамынын 34-беренесине жана камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга, түрк соода мыйзамдарына ылайык бул соттук ишти ачса болот.

Учак кырсыгынан мерт болгондорду акыркы сапарга узатуу, 17-январь 2017-жыл.

Учак кырсыгынан мерт болгондорду акыркы сапарга узатуу, 17-январь 2017-жыл.

Албетте, соттук териштирүүнү Кыргызстанда деле өткөрсө болот. Бирок түрк фирмасы өкүмдө айтылган милдеттенмелерди аткарбаса, Түркияда кайра соттук иш башталат.

Анын үстүнө мурдагы советтик өлкөлөрдө моралдык компенсациянын көлөмү Европанын талаптарына салыштырмалуу азыраак болуп калат. Мындан тышкары моралдык кенемтени бир гана жолу талап кыла алышат. Андыктан бул ишти эң көп компенсация алууга мүмкүн болгон жерде жасаса болот.

“Азаттык”: Компенсациядагы айырмачылык Кыргызстан менен Түркия мүчө болгон конвенциялардан улам ар башка болуп жатабы?

Хакан Үнжүоглу: Жок, моралдык компенсацияны соттор чечет. Албетте, андай кенемтенин көлөмү өлкөгө жараша, мамлекеттин экономикалык жана укуктук айырмачылыктарына жараша болот. Менимче, азыр Түркияда көбүрөөк.

“Азаттык”: «ACT аба жолдору» кенемте төлөөдө маселе болбойт деп билдирген. Аны камсыздандыруучу компания төлөп берет деп айтылган. Мындай жагдайда компенсация үчүн сөзсүз түрдө эле сотко кайрылуу керекпи?

Хакан Үнжүоглу: Бул фирма ар бир адамдын башына канча кенемте төлөөрүн так билдириши керек. Так сан айтылгандан кийин соттук териштирүүлөр башталышы мүмкүн. Бирок мен билгенден бир адамга бериле турган компенсациянын көлөмүн ачык айтыша элек. Бир адам ала турган кенемтенин канчасы материалдык, канчасы моралдык кенемте болорун белгилешкенден кийин ага жараша сотко кайрылуу же кайрылбоо маселеси чечилет.

Президент Алмазбек Атамбаев учак кырсыгында жакындарын жоготкон жарандарды резиденцияда кабыл алган.

Президент Алмазбек Атамбаев учак кырсыгында жакындарын жоготкон жарандарды резиденцияда кабыл алган.

“Азаттык”: Көлөм аз болсо, жабырлануучулар Түркиянын мыйзамдарына жараша дагы көбүрөөк компенсация талап кыла алышабы?

Хакан Үнжүоглу: Ооба, ошентип ойлойм. Бирок бул фирманын бир кишинин башына канча компенсация төлөрүнө жараша болот. Алар бул маалыматты элге айтып, болушунча эрте төлөй башташы керек. Бир нерсени күтүүдө зарылчылык жок деп ойлойм.

«Азаттык»: Сиз кенемте төлөө маселеси кечигип жатат деп ойлойсузбу?

Хакан Үнжүоглу: Бул кырсыкта жабыркаган адамдардын эч күнөөсү жок да, туурабы? Андай болсо алардын зыяндары тез арада төлөнүшү керек. Жабыркагандардын күйүтүнүн, кайгысынын бир бөлүгүнө болсо да бул компенсация даба болуп бере алышы зарыл. Келечекке карай үмүттөрү болушу керек.

“Азаттык”: Бирок фирма иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатпайбы?

Хакан Үнжүоглу: Ооба, иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатышат. Бирок анын жыйынтыгында жабыркаган адамдар күнөөлүү деген корутунду чыкмак беле? Кырсыкка эмне себеп болсо да, бул себеп жакындарын жоготкон адамдардын жашоосунда эмнени өзгөртө алат?

Рим мыйзамдарынан бери мыйзам логикага негизделген. Натыйжада өмүрү кыйылган, жараат алган жана үйсүз калган адамдар үчүн кемчиликти аныктоодо көп нерсе өзгөрбөйт. Алар үчүн керек болсо ким кемчилик кетиргени да көп нерсеге арзыбайт.

Кырсыктан жалп өчкөн өмүрлөр...

Кырсыктан жалп өчкөн өмүрлөр…

Азаттык: Эгер учак кырсыгында жабыркаган кайсы бир тарап Түркиянын соту аркылуу компенсация алабыз дешсе, алар кандай процедуралардан өтүшү керек?

Хакан Үнжүоглу: Эң алгач, Түркияда камсыздандыруучу компанияга кайрылышат. Биз түрк мыйзамдарына карата канча компенсация керектигин эсептейбиз. Эгер аны төлөп беришпесе, Стамбулдагы сотторго кайрылабыз. Кырсыкта жабыркаган ар бир адам үчүн өзүнчө кайрылуу кылуу керек.

“Азаттык”: Адатта бул өңдүү кырсыктарда минималдуу канча компенсация төлөнүшү керек?

Хакан Үнжүоглу: Ар кандай практикалар жана эсептөөлөр бар. Эсептеп чыгышы керек. Ал үчүн каза тапкан кишинин жашы, кесиби, экономикалык абалы, артында калган жакындары, көзү тирүү кезинде караганга милдеттүү болгон адамдары сыяктуу жагдайлар каралат. Андыктан компенсациянын көлөмүн дароо айтуу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Кыргызстандагы учак кырсыгында жабыркагандар сиздин фирмага кайрылган учурлар болдубу?

Хакан Үнжүоглу: Кайрылгандар бар. Маалымат сурап жатышат. Биз колдо бар маалыматты берип жатабыз. Азырынча компенсация боюнча эч кандай соттук иш ачыла элек. Баардыгы камсыздандыруучу компаниянын маалыматын күтүп жатат. Биз да канча кенемте чегерилерин күтүп турабыз.

Учак кырсыгында жабыркагандар

Учак кырсыгында жабыркагандар

“Азаттык”: Кырсыкка учураган учактагы жүк тууралуу да сурагым келип жатат. Сиздерге жүк боюнча кимдер кайрылды?

Хакан Үнжүоглу: Жүктүн кожоюндарына байланыштуу бизге кандайдыр бир кайрылуу түшкөн жок. Бизге кайрылгандардын баары кырсыктан жакындарын жоготкон, жабыркаган же үй-жайынан ажыраган адамдар. Ансыз деле жүк өзүнчө камсыздандырылган болчу. Иликтөө бүткөндөн кийин камсыздандырган компания жүктүн наркын төлөп берет.

“Азаттык”: Сиздер жабыркагандарга жардам көрсөтөбүз деп жатасыздар. Бул акысыз жардам болобу?

Хакан Үнжүоглу: Жок, муну биз эки тараптуу сүйлөшүп, белгилейбиз. Түрк мыйзамдары боюнча адвокаттар акысыз иштешпейт. Андыктан жабыркагандарды кыйнабай турган бир эмгек акы белгилейбиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

admin

адвокат

Читайте также: