Түркиялык компания кырсыкта жабыркагандарга кызмат көрсөтүүгө даяр

Компенсации_2401_0311_RU.mpg_20170124155814

Түркиялык белгилүү юридикалык компания авиакырсыкта жабыркагандарга акысыз кызмат көрсөтүүгө даяр. “Сейхан” укуктук бюросунун өкүлдөрү Кыргызстандык адвокаттарга байланышып, кыйраган учак таандык компаниядан кун өндүрүп берүүгө көмөктөшөөрүн билдирген. Бул фирма Түркияда чет элдик жарандардын кызыкчылыгын коргоп келет. Эки өлкөнүн адвокаттары апаатта жабыркагандарга жардам берүү үчүн биргеликте иш алып баруу тууралуу өнөктөштүк келишимине кол коюшкан. Авиакомпания Түркияда катталгандыктан, кырсыкка байланыштуу соттук териштирүүлөр ошол жакта өтөт. Кыргызстандык юристтердин лицензиясы ал жакта таанылбагандыктан, жабыркагандардын кызыкчылыгын бюро тараптан Хакан Юнджюоглу аттуу авдокат коргомой болду. Анын бул жактагы өнөктөштөрү каза тапкандардын жакындарына жана жабыркагандарга соттук иш тууралуу маалымат берип турушат. Кенемте талап кылгандар Түркияга барбай деле койсо болот. Эң башкысы алар адвокатка ишеним кат берсе жетиштүү. Юристтердин айтымында, материалдык жана моралдык зыян үчүн компенсация Кыргызстанга караганда, Түркияда көбүрөөк эсептелинет.

https://nts.kg/t-rkiyalyk-kompaniya-kyrsykta-zhabyrkagandarga-kyzmat-k-rs-t-g-dayar/

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: