Дачалыктардын укугун түркиялык фирма коргойт
Бул тууралуу Бишкек шаарынын адвокаты Майрамбек Жумабеков «zaman.kg» сайтына билдирди.
Анын айтымында, кырсык болгон күндөрү “Сейхан” аттуу түркиялык компаниянын адвокаттары жергиликтүү юрист Эркин Саданбековго интернет аркылуу байланышка чыгып, жапа чеккендерге жардам берүү сунушун жолдогон.
“Биз, Кыргызстандын жарандары Түркияга барып компанияны сотко бере албайбыз. Анткени, кулаган учакка таандык компания Түркияда жайгашкан. Алардын сунушу менен өнөктөштү долбоор түздүк. Алар элдер менен сүйлөшкүлө, каза болуп калгандардын жакындарына кенемте төлөп берүүнү талап кылабыз дешти. Биз учурда жабырлануучу тараптардан керектүү документтерди чоглутуп жатабыз. “Сейхан” компаниясы тажрыйбалуу, бир канча өлкөлөрдө иштеген”,-деди жактоочу Жумабеков.
Адвокаттар эки мамлекеттин мыйзам жана эл аралык нормаларынын алкагында жабыр тарткандарга материалдык жана моралдык кенемте алуусуна жардам берет.
“Эл аралык стандартта жазылгандай кырсыкта каза болуп калган ар бир адамга кеминде 100 миң доллардан жогору берилиши керек экен. Адамдын өмүрү кымбат, аны баалоого мүмкүн эмес. Ошентсе да кайтыш болгондордун артында калган жакындары жок дегенде жакшы жашашы керек. Укуктук жардам колун берүүгө кол сунган түркиялык кесиптештерибиз Кыргызстанга келерин айтышты. Эгер келип калышса, дагы билдирүү менен чыгабыз”,-деп кошумчалады Майрамбек Жумабеков.
Жапа чеккендер адвокаттар менен байланышуу үчүн юристтер Эркин Саданбеков жана Асел Рысбаевага кайрылса болот. Телефон номерлери: (0773) 96-96-41, (0777) 77-73-17.
16-январда түркиялык компанияга таандык жүк ташуучу чак Дача конушуна кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Айылдагы 30дан ашуун үйдү талкалаган. Учакка ээлик кылган компания буга чейин жапа чеккендерге кенемте төлөп берерин, балдарын окутууга көмөктөшөрүн убада кылган эле.
Назгүл Бостонбаева
https://www.zaman.kg/janylyktar/2561/dachalyktardyn-ukugun-turkiyalyk-firma-korgoyt