Көк муздан кулап түшсөңүз мамлекет күнөөлүү болобу?

Куласаңыз сотко кайрылыңыз

Бишкек шаарындагы тазалык кызматы таң эртеден туруп, жарандар ойгонгуча жолдорду кардан, муздан тазалашат. Бирок шаарыбыз чоң, ал эми кызматкерлер аз болгондуктан, бардык жолдор убагында тазаланбай калат. Мындай учурлардан улам, жарандар көк муздун курмандыгы болуп, бир жерин кокустатышат.

Алсак, кышында чет жакта жүрүп, кардан тазаланбаган жолдо кетип бара жатып, кокустан кулап түштүңүз дейли. Ден соолугуңуз жабыркап, бейтапканага кайрылууга дуушар болдуңуз. Бул учурда сиз жол убагында тазаланбагандыгы үчүн мамлекеттин ал жерге жооптуу кызматын сотко берсеңиз болот. Бул практика чет өлкөлөрдө жакшы өнүккөн. Кайрылган жарандардын болжол менен 70 пайызы соттон утуп чыгып, компенсация алууга жетишкен. Ал эми Кыргызстанда бул практика дээрлик жокко эсе. Мүмкүн бирөөсү соттон утуп алса, башкалары дагы кайрылмактыр деген ой келбей койбойт. Деги эле бул окуя боюнча Кыргызстанда мыйзам ченемдери барбы? Буга адвокат Асель Рысбаева жооп берди:

— Ооба, кыш мезгилинде муздан кулап, жараат алгандардын саны арбын. Мындай учурда жарааттын өзү гана түйшүк жаратпастан, дарыланууга мажбур болгон адам иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготуп, киреше табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Эмне кылуу керек? Биринчиден, көчөдө баратып музга тайгаланып жыгылсаңыз жана анын натыйжасында жараат алсаңыз ошол фактты тастыктоо керек.

 

https://bem24.org/article/884/

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: