Адвокат Эркин Саданбеков тез жардам унааларынын сатылып алынышын иликтөөнү суранды

Юрист Эркин Саданбеков фейсбук барагында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго даректеген кайрылуусун жарыялады. Ал билдирүүсүндө укук коргоо органынан жакында эле тез жардам унааларын сатып алууда бузуулардын болуп-болбогонун текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүш баштоону суранды.

Саданбеков кайрылуусунда Саламаттык сактоо министрлигинин Дүйнөлүк банктын гранттык каражатына «В» классына кирген «Газель» үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын 764 900 долларга сатып алганы тууралуу маалыматка таянган.

Ал ар бир машинаны сатып алууга 58 миңден $ туура келгенин, ошол эле учурда орусиялык өндүрүүчүнүн сайтында бир тез жардам унаанын баасы «20 миң долларга чукул» экенин айткан. Интернет колдонуучуларынын айткандарына ылайык, бир автоунааны алып келүү «максимум 1500 долларды түзөт».

«Анда эмне үчүн сатуу менен сатып алуунун ортосунда 36 500$ түзгөн мынча чоң айырма бар? Мамлекеттик сатып алууга тендер өткөрүлдү беле жана анда кайсы компаниялар катышкан?» — деп Сааданбеков башкы прокурорго суроо салды.

Кийинчерээк юрист анын билдирүүсү Башкы прокуратурага түшкөнү тастыкталган скриншотту жарыялаган.

«Тендер өткөрүлгөн»

Мурдараак Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу боюнча башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов тендер өткөрүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, аны «эң эле төмөн баа сунуштаган» төрт компаниянын бири жеңип алган.

Исмаилов 13 автоунаанын үчөөсү — бул өпкөнү вентиляциялоо аппараттары жана заряддагыч түзмөктөрү бар болгон экинчи класстагы «Форд Транзит» реанимобилдер деп билдирди. Мындай комплектациядагы ар бир реанимациялык унаанын баасы 90 миң долларга туура келген.

«Машиналардын комплектациясы кадимки унаалардан айырмаланат. Компания машиналардын ичине орнотулган жабдуулардын техникалык параметрлерин көрсөткөн. Транспорт каражаттары жабдууланган. Эксперттик топ менен тендердик комиссиясы өз баасын берип, андан соң ӨКМдин адистери менен макулдашкандан кийин автоунаалар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлгөн», — деп айтып берген Исмаилов «АКИпресске».

Атайын дизелдик майы менен «Соболь» төрт иштешкич моделинин базасындагы калган автоууналар Кыргызстандын региондору үчүн сатылып алынган. Аларда жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек баллондору жана бейтаптарга ыкчам меджардам көрсөтүү үчүн жабдыктар орнотулган. Бир автоунаанын наркы «49 миң долларга чукул» акчаны түзгөн.

Бишкектин Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов бул маалыматты өзүнүн микроблогунда тастыктады.

Жолдо баратып бузулган тез жардам унаасы

Жаңы тез жардам унааларынын сапаты начардыгынын далили катары Сааданбеков өзүнүн барагында видео жарыялады. Анда тез жардам автоунаасы 16-июлда Ысык-Көл облусуна бараткан жолдо бузулуп калганы тартылган.

Видеонун автору бир нече убакыт тез жардамдын артынан айдап, ал бир нече жолу бузулуп токтогонун айтып берген.

«Жапжаңы алынып келинген тез жардам ушинтип бузула береби ээ? Тартпай араң келе жатат го ээ? Бул тез жардам болуп деле жыргатпайт го», — деп комментарий берген видеонун автору.

Кийинчерээк бул унаа Орусиядан алынып келинген тез жардам берүү автоунааларынын бири экени жана ал Ысык-Көл облустук ооруканасына баратканы белгилүү болгон. Унаа Ысык-Көл облусуна бөлүнгөн.

«Боом капчыгайында бир аз техникалык бузулуу орун алды. Жеткирип берүүчү компания тарабынан механиктер бригадасы жөнөтүлдү, машина кепилдик тейлөөсүндө. Учурда машина Чолпон-Атада, ал адистерди күтүп жатат», — деп ошондо билдиришкен ССМден.

Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын Дүйнөлүк банктын «Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарына туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында сатып алган.

Саданбеков грант берген тарапты каражаттарга күмөндүү сатып алуу ишке ашырылганын кабарламакчы.

«Кемтиктери» бар 15 тез жардам унаасы

Ушуну менен жаңы тез жардам автоунааларынын сапатына экинчи жолу шек жаралып жатат. 2018-жылдын башында Германия өнүктүрүү банкы 1,18 млн еврого 15 атайын автоунааны Кыргызстанга белекке берген.

Бирок министрлик аларды «кемтиктери» бар үчүн кабыл албай койгон — айрымдарында тийиштүү меджабдыктар жок болуп чыккан.

Ал учурда ССМдин басма сөз катчысы Елена Баялинова «Клооптун» кабарчысына машиналардын кемтиктери тез жардам көрсөтүүнүн сапатына таасир эте турганын билдирген.

«Кеп ал жакта жөн гана эшиги сынык сыяктуу эмес, сөз кемтиктер жөнүндө болууда. Машиналардын бийктиги талапка жооп бербейт, ал жакта медициналык аппараттар туташтырылган эмес. Бул машина чийилип кеткен сыяктуу жөн гана кемтиктер эмес, сөз тез жардам көрсөтүү үчүн багышталган бул машиналардын өзгөчөлүгүнө тийиштүүлүгү жөнүндө болууда», — деген ал.

Андан кийин 2018-жылы мартта Германиянын өнүктүрүү банкы 15 тез жардам унаасынын жабдуусун жана техникалык абалын текшере турган эксперттердин тобун түзүү чечимин чыгарган.

Чакырылган эксперттер тез жардам унааларын министрликтин стандарттарына ылайык кайтадан жабдыктоонун жолун изилдеши керек эле. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминерлерине «документацияга байланыштуу маселелерден улам» кылмыш иши козголгондуктан, машиналар эки жыл жумушсуз туруп калган.

Ал эми 29-июнда вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков машиналарды эпидкырдаалга байланыштуу 118 жана 103 линияларына чыгаруу чечими кабыл алынганын айткан, бул чечимди ал тез жардам унаалары жетишпей жатканы менен негиздеген.

Мындан беш күн мурда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев кыргызстандыктардын коронавирус боюнча чакырууларына ыкчам реакция жасоо үчүн медицина кызматкерлери жана тез жардам унааларынын жетишсиздиги тууралуу билдирген.

«Мисалы, Бишкекте норматив боюнча 106 бригада иштеши керек, бүгүн 38 гана биригада иштеп жатат. Акыркы күндөрү жол кырсыктарынан улам эки тез жардам унаасы жарактан чыкты. Бригадалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, бирок ыкчам жардам берүүгө убакыт жетпей жатат», — деген ошондо министрдин орун басары.

Каратаевдин айтымында, ал учурда өлкө боюнча 649 мобилдик бригада калкты тейлеп иштеп жаткан.

https://ky.kloop.asia/2020/07/17/advokat-tez-zhardam-unaalarynyn-satylyp-alynyshyn-ilikt-n-surandy/

admin

адвокат

Читайте также: