Кемпир-Абад иши боюнча сот башка күнгө калды

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бүгүн 18-октябрга белгиленген соту болбой калды. Буга соттук отурумга абактагы айыпталуучулар жеткирилбегени негиз болгонун «Азаттыкка» айыпталуучулар Равшан Жээнбековдун жана Марат Баязовдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын айтымында, соттук отурум 25-октябрга калды