Кемпир-Абад иши боюнча сот башка күнгө калды

18-Октябрь, 2023



Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бүгүн 18-октябрга белгиленген соту болбой калды. Буга соттук отурумга абактагы айыпталуучулар жеткирилбегени негиз болгонун «Азаттыкка» айыпталуучулар Равшан Жээнбековдун жана Марат Баязовдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын айтымында, соттук отурум 25-октябрга калды:

“27-сентябрда сот учурунда айыпталуучу Айбек Бузурманкуловго эскертүү берилип, тартипти бузбоо керектиги айтылган. Ал эмоционалдуу сүйлөгөндүктөн айыпталуучулардын арасынан соттук залдан чыгарып жиберишкен. Бул башка айыпталуучулардын нааразылыгын жаратып, сот залынан алар да чыгып кетишкен. 4-октябрдагы отурумда айыпталуучулардын бирин да сотко алып келбей, бул соттун чечими болгону айтылган. Азыр да айыпталуучуларды алып келишкен жок. Бул мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Ар бир айыпталуучу сот отурумдарына эч тоскоолдуксуз катышуу укугуна ээ”.

Ишти Биринчи Май райондук соту жабык карап жатат.

Отурум башталганда райондук прокуратуранын прокурору Замира Байбагышева судья айыпталуучуларды бир эле процесске катыштырбай коюу укугуна ээ экенин айтып, аларды сотко катыштыруу өтүнүчүн келтирди.

Мындан улам процесс 25-октябрга калды, ага айыпталуучулар катышмай болду.

Сот мекемеси бул боюнча маалымат бере элек.

Райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары териштирүү ачык өтүшүн талап кылган акцияга чыгышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 саясатчы, активист былтыр октябрда камалган. Ушу тапта алардын 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (KS)

https://www.azattyk.org/a/32642380.html?fbclid=IwAR1zUQI5qMzxsb-NVVuWi9WvWlkwCtEtLi1eFmdchswH1LE-bInp-AmNNDo

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: