Убактылуу өкмөттүн камактагы мүчөлөрү менен Роза Отунбаева жолугушту

Активист Марат Баязов поблагодарил Розу Отунбаева за «передачку»

Активист Марат Баязов поблагодарил Розу Отунбаева за «передачку»

АКИpress —  БУУнун Афганистандагы атайын өкүлү Роза Отунбаева 29-августта Бишкектеги 1-тергөө абагына барды. Бул маалыматты жактоочу Эркин Саданбеков билдирди.

Жактоочунун маалыматы боюнча, Р.Отунбаева Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү — Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Кеңешбек Дүйшөбаев менен жолугушту. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине байланыштуу камакка алынган.

«Роза Исаковна өзү демилгелеп, 1-тергөө абагына барды. Аны менен сүйлөшкөн камактагы жарандар күнөөсүн мойнуна албай турганын айтышты», — деди Саданбеков.

Ошондой эле майрамдык салтанатта бийлик өкүлдөрүнө жолукса, сотту ачык өткөрүү суранычын жеткирүүнү өтүнүшкөн.

#роза отунбаева

https://barakelde.org/news:540624/?from=barakelde&place=mainmainlist

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: