Кемпир-Абад иши: Баязовдун абалы тууралуу адвокаты билдирүү таратты


РКемпир-Абад иши: Баязовдун абалы тууралуу адвокаты билдирүү тараттыбөлүшүү

2-Август, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек


Барат Баязов, соттук отурум учурунда. 10-ноябрь, 2022. Бишкек
Барат Баязов, соттук отурум учурунда. 10-ноябрь, 2022. Бишкек


Адвокат Эркин Саданбеков «массалык башаламандыкка» шектелип, Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Марат Баязовдун ден соолугу начарлап кеткенин «Азаттыкка» билдирди. Жактоочу Баязовду ооруканага жаткырууга уруксат сурап Жаза аткаруу кызматына, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Саданбековдун айтымында, буга чейин Баязов Бишкектеги менчик лабораториядан текшерүүдөн өтүп, ага калкан бездеги аденома диагнозу коюлган. «Абалы улам начарлап, башка дагы өнөкөт оорулары курчуп жатат», — деп жазылган кайрылууда.

Жаза аткаруу кызматы Баязовдун ден соолугу боюнча комментарий бере элек.

20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткан сегиз адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырган чечим чыгарган. Алар: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги Casa Italia кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен» деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын билдирген.

https://www.azattyk.org/a/32527348.html

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: