Кемпир-Абад иши: Активист Марат Баязовдун абалы начарлап жатат

Автор: Бакай Алмаз -19/07/2023

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган активист Марат Баязовдун ден соолугу начарлап жатат. Бул тууралуу 18-июлда анын жактоочусу Эркин Саданбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, активист мурда медсанбөлүккө ден соолугуна даттанып кайрылганына байланыштуу куралдуу күзөттүн коштоосу менен жеке менчик клиникада текшерүүдөн өттү. 

Марат Баязов. Сүрөт: Kaktus.media
Сүрөт: Эркин Саданбеков

Саданбеков Баязовдун бейтап баянында ага алкан безинин аденомасы деген диагноз коюлганын жазды.

Жактоочу Баязов ооруканада дарыланышы зарыл экенин белгилеп, бул маселе боюнча Кыйноолорго каршы коалиция уюмуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылуу жасаганын айтты.

«Клооп» 19-июлда активисттин ден соолугуна байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына байланышууга аракет кылып, бирок жооп ала алган жок.

Активист Марат Баязов өткөн жылы 26-октябрда «Массалык башаламандык уюштурууга даярданууга» шектелип кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы узартылып келе жатат, ал эми алдыдагы сот жараяны 20-июлга белгиленген.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

2023-жылдын 26-июнуна карата бардык айыпталуучулардын ичинен 14 адам тергөө изоляторунда калууда: Бектур Асанов, Акыл Айтбаев, Темир Махмудов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров, Али Шабдан (Чынарбек Шабдан уулу), Эрлан Бекчоро уулу, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов жана Илгиз Шаменов

.https://ky.kloop.asia/2023/07/19/kempir-abad-ishi-aktivist-marat-bayazovdun-abaly-nacharlap-zhatat/?fbclid=IwAR1ANavfTb75yIfNZhDnjiJy9alt1zHvihD1sUBjF3-EmLlK7gzeXCm869Y

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: