Жогорку сот жарандык активист Адилет Балтабайды эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алды


Жогорку сот 19-апрелде Бишкек шаардык сотунун жарандык активист Адилет Балтабайды (Мыктыбек Адилет Али)  5 жыл камакка алуу чечимин четке какты жана аны абактан бошотуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Адилет Балтабайдын адвокаты Эркин Саданбеков Фейсбук баракчасында билдирди

2-январда Бишкек шаардык соту активист Адилет Балтабайды сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган.

«Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын жакындары митингге чыгышканда байкоочу катары барсам, ал жактан дагы мени кармап кетти. Бүгүн мени сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды. Мен өзүмдү адилетсиз камалып жатам деп эсептейм» деген ал.

Буга чейин Адилет Балтабай 278-берененин («Жапырт башаламандык») негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган.

https://pk.kg/news/inner/zhogorku-sot-zharandyk-aktivist-adilet-baltabajdy-erkindikke-chygaruu-chechimin-kabyl-aldy/

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: