Активист Марат Баязов убактылуу кармоочу жайга камалды

  1. Активист Марат Баязов Убактылуу Кармоочу Жайга Камалды
Активист Марат Баязов убактылуу кармоочу жайга камалды

Активист Марат Баязов убактылуу кармоочу жайга камалды

 Журналист: АЙСУЛУУ ТАЛАНТБЕК  27.10.2022, 9:20  5159 |  коом 

Активист Марат Баязов 48 саатка Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.

Анын айтымында, активист массалык баш аламандык уюштуруу аракети боюнча айыпталууда.

«Ал Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитеттин жыйынына катышкан эмес», — деди адвокат.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев эки айга камалды

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Кечээ 26-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынды.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: