Манас Баязов: Бул кылмыш ишинин максаты – оппозиция менен президентти коркутуу

“Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталуучулардын бири Марат Баязовдун атасы тергөө иштери кандай жүрүп жатканы жана бул кылмыш иши кандай максаттарды көздөп жатканы тууралуу өз оюн, жеке байкоолору менен бөлүшүүнү чечти.

— Урматтуу Манас Гапарович, сегиз айдан бери сиздин уулуңуз камакта. Сиз үчүн жана сиздин үй-бүлөңүз үчүн бул 8 ай кантип өттү?

— Мен пенсионермин. Мен 77 жашымда ушундай ишке аралашууга мажбурмун. Уулуңдун абакта отурганы өтө оор. Кошуна-колоңдун, тууган-уруктун, айлана-чөйрөңдүн мамилеси да дароо өзгөрөт экен. Уулума коюлуп жаткан берене абдан коркунучтуу. Бул мекенге чыккынчылык кылуу, куралдуу көтөрүлүштү даярдоо, бийликти кулатуу дегенди билдирет. Элдер мындай деп ойлошот экен: “Бул жерде бир нерсе бар. Куралдуу көтөрүлүш болбосо, анда агитация. Бийликти басып албасаң, анда бир жерден уурдадың”… Ал эми тааныш-билиш, туугандардын пикирлери да ар кандай. Бул бизге албетте терс таасирин тийгизет, мен өзүм жана жубайым жөнүндө айтып жатамын. Мындай кырдаалда, өзүң эле элден четтеп, кимдир бирөө бир нерсе айтпаса экен деп, жолугуудан да баш тартып калат экенсиң.  Жайында дачабызга барып чөп чаап, гүлдөрдү сугарып, стресс менен ушундай жол менен күрөшүп жатабыз.

— Бул кылмыш иши боюнча сиздин пикириңиз кандай?

— Бул болбогон иш. Баламды болгону Равшандын досу деген негизде гана кармашкан. Ушундан улам ага эки нерсенин негизинде айып коюлуп жатат. Алар анын бардык сүрөттөрүн жана социалдык тармактарга жарыяланган посттордун скриншотторун тартып алып, экспертизага жөнөтүшкөн. Мамлекеттик лингвистикалык экспертиза бул материалдардан эле тыянак чыгаруу мүмкүн эмес деген тыянак чыгарды. Бул материалдардан адам эмне деп ойлойт, эмне кылат жана мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландап жатканын көрсөтпөйт. Мындай жоопту алган тергөө органдары ошол эле материалдарды Илимдер академиясында иштеген экспертке жөнөтүшкөн. Мен юристтерден сурап, корутунду берген адам биздин өлкөнүн Эксперттер ассоциациясынын мүчөсү эмес экенин билдим. Анын жообу Илимдер академиясынын бланкында эмес, мөөрсүз, жөнөкөй эле ак кагазда эле. Аягында бул эксперттин гана колу коюлган. Ал тергөө менен келишимдин негизинде иштейт деген ой туулат. Эми ал келишим менен иштесе, ага куралдуу төңкөрүш жасоого чакырык белгилерин тапкан эмгеги үчүн  акы төлөнсө керек. Бул жерден мен бир нерсени билгим келет, баламдын тагдыры канча пулга аныкталган? Ушундай эле жол менен Кемпир-Абад ишиндеги 27 айыпталуучунун баарынын тагдыры аныкталганбы? Анткени бардык айыптар дал ушул “эксперттин” корутундусуна негизделген.

— Уулуңуздун сүрөттөрүн көрүп, ал кандай тыянак чыгарды?

— Бул сүрөттөр куралдуу төңкөрүш жасоого чакырык деген. Ал эми соттун биринчи апелляциялык отурумунда Марат Баязов Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү деп айыпталган. Уулумдун жактоочусу Эркин Саданбеков бул комитеттин мүчөлөрүнөн Баязовдун бул комитеттин мүчөсү эместиги, жыйынга катышпаганы жана ал кафеде жок экендиги тууралуу жазуу түрүндө документ чогулткан. Адвокат Саданбеков чоң иш жасады, ал иш боюнча негизги айыпталуучуларды суракка тартып, Марат Баязовдун кафедеги жолугушууга катышпаганын дагы бир жолу тастыктады. Бул боюнча үч сурак протоколу жазылган. Кийинки сот отурумунда бул документтердин сот ишинде көрсөтүлүшү үчүн бардык чаралар көрүлдү. Бул документтерди ишке тиркеп, сотко өткөрүп берилсин деп прокуратурага, улук тергөөчүнүн наамына арыз каттар жазылган. Бирок, бул иш аткарылган жок.

— Демек, тергөө иши туура эмес иштеп жатабы?

— Менин уулума эки далилдин негизинде айып коюлууда — биринчиси, компетенттүүлүгү өтө күмөндүү болгон “эксперттин” корутундусунун негизинде. Ал эми экинчиси — Комитетке катышуу. Бирок башка айыпталуучулардын, комитеттин мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, менин уулум бул комитеттин мүчөсү эмес, ал тургай бул комитет түзүлгөн кафедеги жыйынга да катышкан эмес. Башкача айтканда, күнөөнүн эки далили тең негизсиз.

— Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот?

— Негизинен кылмыш ишинин козголушунан баштап, кармалышы, тергөө иштеринин жүрүшү, азыркы оппозицияны коркутуу үчүн гана. 27 адам кармалгандан кийин, булардын баарына кандайдыр бир айып коюлушу керек да. Бирок бул иш менен биздин өлкөдөгү биринчи адамды коркутууга багытталган, алар анын көзүнө анын тегерегиндеги адамдар бут тосушуп,  а түгүл төңкөрүш жасоонун аракетин көрүп жатышканындай көрсөтүшөт. Тактык үчүн бул менин жеке оюм…

— Бул иштин бардык этаптарында биз толугу менен мыйзамсыздыкты, тергөөнүн эрежелерин сактоону этибар албаганды көрүп жатабыз. Тарыхта ушундай окшоштуктар болгонбу?

— Биздин өлкөдө үч “революция” болуп өттү. Бийликке келген ар бир саясатчы өзүнүн адамдарын өзүнүн тегерегине, эң негизгиси укук коргоо органдарына жайгаштырчу. Албетте, алар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө өздөрүнүн адамдарын тартышчу. Мындай бир нече ирет болгон. Ал эми жогору жакта жана орто звенодо ийкемдүү адамдар гана калды деп ишенимдүү айта алам.

— Пластилин сымалбы?

— Пластилин сымалбы же вазелин сымалбы муну тактабай эле коёлу. Мындай адамдар кандай гана бийлик болбосун керек. Аткаруу бийлигинде квалификациялык деградация болууда.

— 8 айдан бери стрессте, адилетсиздикте, белгисиздикте жашап келе жатасыз. Равшан Жеенбековго болгон мамилеңиз өзгөрдүбү? Аны менен болгон достугунан улам уулуңуз абакта отурат.

— Мен уулума ишенем жана анын тандоосун сыйлаймын. Равшан – менин уулумдун досу. Мен эч качан анын ишине кийлигишкен эмесмин.

— Мен бул суроону бергенимдин себеби, ар бир бийликте Равшандын жана Мараттын артынан куугунтук, аңдуу болчу эле. Менин эсимде “Дело” гезитинде Равшандын жана сиздин уулуңуздун сүрөтүн чыгарышып, булар кандайдыр бир кишилер менен жолугушуп жүрүшөт… деген маалымат болгон эле.

— Мен уулума толук ишенем. Марат эч качан саясатчы болгон эмес. Бул кадимки эле эркектердин достугу. Ал эми Марат бул достуктан баш тарткан жок. Бирок биздин бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн ушундай учурга бургум келет – айыпталып жаткандар 27 адам. Бул 27нин ар биринин достору, тууган-туушкандары, балдары, ата-энелери, 30дан кем эмес жакындары бар. Бул болжол менен 1000дей адам. Бул 1000 адамдын пикири азыркы бийликке карата өзгөрдү. Айтайын дегеним, бийлик ойлонбой жасаган иштери менен өз душмандарын өз колу менен көбөйтүп жатат.

— Ар бир адам тектин генетикалык кодунун алып жүрүүчүсү. Атаңыз Улуу Ата Мекендик согушту башынан өткөргөн. Анын аскердик документтери Фрунзе музейинде сакталып турат. Сиздердикиндей кадырлуу үй-бүлөгө ушундай мамиле жасалса, башкаларды эмне күтөт?

— Мындан 25-30 жыл мурун чет өлкөгө кетип жаткан туугандарды жактырчу эмес элем.. Эми менин оюм өзгөрдү. Кимдир бирөө азыр менден кеңеш сураса, “кет” деп айтамын. Биздин өлкөдө бийлик толугу менен деградация болду.

— Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз бай, көптү көргөн, билгениңиз бар. Бул иш кандай аяктайт деген божомолуңуз бар?

— Эч кандай божомолдор жок, анткени бул иште логика жок. Мыйзам боюнча айыпталуучулардын баары эбак бошотулушу керек болчу. Бул канчалык узакка созулса, элдин нааразычылыгы ошончолук күчөйт. Бардык айыпталгандардын арасында адегенде алар тез эле бошотулат деген ишеним болгон. Алгач алар бардык Келишимдерди кабыл алып, кол койгондон кийин чыгарат деп ойлошкон. Өзбекстандын президентинин сапарынан кийин бардык “камактагылар” бошотулат деген эң чоң үмүт бар эле. Ошол мезгилде апелляциялык сот болгон. Ал эми бул сот отурумуна бардык “камактагылар” чыгабыз деген ой менен буюм-нерселери менен келишкен.

— Ооба, менин эсимде. Алар бошотулат деген ишеним бар эле!

— Иштин жыйынтыгы ушундай болот деген логика бар эле. Адилеттүүлүк жеңерине баары ишенишкен. Турмуштук чоң тажрыйбасы бар акылман адамдар сотко буюм-нерселери менен келишкен. Бирок эч нерсе болгон жок, анткени логика жок. Жок, аларды ушунча убакыт камакта кармоого эч кандай негиз жок болчу. Ошондон мен алар элди жана биздин башкы адамыбызды акырына чейин коркутууну чечишти деген тыянакка келдим.

— Демек, президент Жапаров мынчалык көп адамдардын СИЗОдо отурганына кызыкдар эмес деп ойлойсузбу?

— Ал бул иш эмне болуп жатканын, кандай негизде айып коюлганын ийне-жибине чейин билет деп ойлойсузбу? Албетте жок. Бул иш менен аны коркутуп отурушат.

— Азыр бул маселеде тергөөчү эң олуттуу чечимдерди чыгара алат. Сталиндик репрессиялар менен салыштырсак болобу?

— Сталиндик репрессия убагында бул киши эл душманы экенин далилдеш үчүн, көп адамдардын катышуусу менен ачык, жасалма болсо да соттук процесстер болуп, айыптоо сөздөрү басма сөздө жарыяланып, баяндамалар жазылып турган.  Чынбы, жалганбы, бирок алар тергөөнүн версиясын далилдешчү. Ал эми бул иш боюнча сот процессин жаап коюшту. Үзөңгү-Кушту берүү боюнча документтерге Акаев тымызын кол койгону эсиңиздеби? Кийин ал ачыкка чыкканда, анын кесепетинен кандай окуялар болду. Эми Кемпир-Абад боюнча да дал ушундай. Ага кол коюлган, бирок бул макулдашуунун чоо-жайын эч ким билбейт. Мына эми бул иш боюнча сот жабык өттү. Эмне үчүн? Неге? Айыптоочу тарап “ынандырарлык” далилдерди келтирди деп айта албайбыз, анткени мунун баары жашыруун. Ушундай “ынандырарлык” далилдердин негизинде айып коюлат.  Ошондуктан, мен уулума коюлган айыптардын толук негизсиздигин коомчулукка жеткиргим келди.

Интервьюну даярдаган Лейла Саралаева

http://www.nlkg.kg/kg/interview/manas-bayazov-cel-etogo-ugolovnogo-dela-zapugat-oppoziciyu-i-prezidenta

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: