Икрамидин Айткулов соттун чечимине макул эместигин билдирди
Свердлов райондук соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун баш коргоо чарасын карап, аны 21-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Эркин Саданбеков билдирди.
⠀
Белгиленген убакытка чейин ал Бишкек шаарынан эч кайда чыга албайт.
⠀
“Икрамидин Айткулов соттун чечимине макул эместигин билдирди. Ал беш күн ичинде чечимдин үстүнөн даттана турганын айтты”, — деди Саданбеков.
⠀
Эске салсак, Айткулов 22-августта, Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган. Буга Н.Д. аттуу жарандын «алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды» деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон.
⠀
Андан кийин ага дагы бир айып тагылган.
⠀
Доогердин арызы үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берененин 2-бөлүмү («Алдамчылык») боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Айткуловдун баласы мурда дагы ушундай эле иш менен соттолгону белгилүү болгон.
⠀
Белгилей кетсек, Айткулов акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.