Кемпир-Абад иши: төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин № 1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Равшан Жээнбековтун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр № 1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны № 1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан.

https://www.azattyk.org/a/32612349.html

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин № 1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: