ИИМ упай топтоо жана милиция кампанейщинасы менен алектенүүдө, адвокаттар

Баракелде — Милициянын полковниги Уран Алиевдин өлүмүнө тиешелүү делинип камакка алынган ишкер Азиз Качыбековго карата уруп сабоо жана кыйноо фактылары болду, деп маалымдады Качибековдун адвокаты Эркин Саданбеков 24-октябрда маалымат жыйынында.

Эскерте кетсек, 2005-жылы 5-апрелде Ош шаарында Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн башкы башкармалыгынын регионалдык башкаруусунун экинчи бөлүмүнүн башчысы, полковник Уран Алиев өзүнүн үйүнүн жанында атылып өлтүрүлгөн. Бул адам өлтүрүү фактысына тиешелүү делинип жакында 2 адам (Бакыт Сыдыков жана Азиз Качыбеков) кармалган.

Адвокат Э.Саданбековдун айтымында, мындай фактыны А.Качыбеков Ош шаарындагы жана Ош облусундагы Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн жана адвокаттардын катышуусунда арыз менен кайрылды. «А.Качибековдун денесине жеңил жаракат келтирилип, анын тырмактарына ийне саюу фактылары болгон. Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын 4 кызматкери аны ур-токмокко алып, кыйноо менен күнөөсүн алдырткандыгын өзү айтып жатат. Алардын аттарын атап берүүгө айыпталуучу даяр. Ошондой эле милиция кызматкерлер анын башына целлофан баштык кийгизишип, муунтуп коркутушкан», — деди ал.

Анын айтымында, Ош шаардык соту 1-октябрда аны Араван ИВСке которуу боюнча чечим чыгарган, бирок мыйзам бузуулар жана анын жашоосуна коркунуч келтирилип жатат деген шылтоо менен ал Алай райондук ИВСке камакка алынган. «Ал жерден аны урушуп кыйнашып, күнөөсүн алдырткан. Бирок менин айыпталуучум У.Алиевдин өлүмүнө күнөөм жок экендигин айтып жатат», — деди ал.

Ал эми А.Качиевдин башка адвокаты Нурлан Баратахунов бул фактылар боюнча президент, башкы прокурор, акыйкатчынын атына кыйноо фактысы боюнча арыз жазгандыгын кошумчалады. «Тергөө амалдары бир жактуу, мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. ИИМ упай топтоо жана милиция кампанейщинасы менен алектенүүдө», — деди Н.Баратахунов.

https://www.barakelde.org/news:20393/

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: