Партияларды бийлик алсыраттыбы?

“Азия ньюс” гезити “Жаңы дем” журналисттик агенттигинин “Саны көп, сапаты жок партиялар” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Анда бүгүнкү күндө Минюсттан каттоодон өткөн партиялардын саны 190го жеткенин, шайлоо жакындаган сайын бул тизме дагы улана баштаганын, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын көбү бирден партия ачып алганга киришкенин, партиялардын баарынын ачык идеологиясы жоктугун, баары эле “гүлдөтөбүз” дешерин, бирок өлкөбүз кандай кылганда гүлдөөрүн бири дагы айталбай келатканын, саясатты иликтеп жүргөн Токтогул Какчекеев мындай көрүнүштү саясий маданиятсыздык катары бааласа, юрист Эркин Саданбеков мурунку мүчө болгон партияларга элдин ишеними жоголгондуктан саясатчылар жаңы партия ачканга өтүүдө деп баалады. Мисалы, “Ата-Журттун” бир тобу кылмыш жообуна тартылып жетекчисиз калса, дагы бир партияга мародер деген көө жабылганын айтканын, ал эми дагы бир саясат иликтегич Бакыт Бакетаевдин «Канчалык партия көп болсо, көз караш да ошончо көп болот, бара-бара майда партиялар жоюлуп, чоң-чоң партияларга биригет» деген пикирин басты.

https://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_newspapers/26690559.html

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: