Түрк ишкерлери кыргыз милициясынын алардын ишине кийлигишип жатканына нааразы

18 февраль 2013, 14:06

Баракелде — 2010-жылдын 10-январында Түркиялык цитрус жемиштерин өндүрүүчү «Гёклер Наренджийе Яш Себзе Мейве» компаниясы жана кыргызстандык «Мимарт Трейд» компаниялары тарабынан соода келишими түзүлгөн. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков бүгүн, 18-февралда болуп өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган эки компания Демек Гёк жана Гадир Байтар аттуу түрк жарандарына тиешелүү. Келишимдин негизинде Түркиядан Кыргызстанга 5 миң 503 тонна лимон жана 14 миң 574 тонна апельсин жөнөтүлгөн. Жөнөтүлгөн жүк 2010-жылдын 28-августунда Бишкек бажы кызматы тарабынан өткөрүлгөн жана мамлекетке эч кандай чыгым келтирбестен, мыйзамдуу түрдө болгон, дейт коомдук кабыл алуу жарандык кеңешинин юристи Сабыржан Мамбетов.

Бирок, 2010-жылдын март айында Бишкек шаардык Биринчи май ИИБне Несреддин Четин аттуу түрк жаранынан арыз түшкөн. Арыз ээси жөнөтүлгөн товарлар мага караштуу болгон жана алар үчүн акча төлөнүп берилген жок деп билдирген. Буга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп, Гадир Байтар Биринчи май ИИБи тарабынан камакка алынган.

Бул эки жаран тең Түркия мамлекетинин жарандары болгондуктан, бул маселенин бизге тиешеси жок болчу, бирок неге Биринчи май ИИБи бул ишке кийлигишкени белгисиз, — деп кошумчалады юрист.

Ал эми иш эки тараптан тең иликтөөгө алынып, текшерүүлөр жүргөн учурда Гадир Байтардын иши мыйзамдуу болуп, Несреддин Четиндин бул ишке эч кандай тиешеси жок экени маалым болгон. Натыйжада Түркия мамлекетинин соттору тарабынан Несреддин Четин туура эмес арыз жазгандыгы үчүн камакка алынган. Бирок, буга карабай Кыргызстандын укук коргоочулары тарабынан Гадир Байтарды күнөөлөө уланууда.

Маалымат жыйынга келген Гадир Байтардын адвокаты Эркин Саданбеков, коомдук кабыл алуу жарандык кеңешинин юристи Сабыржан Мамбетов жана Түркия элчилигинин КР менен болгон соода-сатыктагы кеңешчиси Бекзат Эртендер Биринчи май ИИБин бул ишти жабуусун жана Гадир Байтарга коюлган күнөөнү алууну талап кылышууда.

https://www.barakelde.org/news:43016/

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: