Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку сотко чакырылат

— Чындык Медиа -16.12.2020

StaffCop. Официальный сайт.Программный комплекс для решения задач информационной безопасности.Узнать большеstaffcop.ruЯндекс.Директ18+

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку сотто Ош шаардык сотунун губернаторго, премьер-министрге, өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбековго жана спикер Асылбек Жээнбековго моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 250 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү жөнүндө чечимин аткарбаганы үчүн 4 жыл жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясий туткун, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-башчысы Абдилат Капаровдун доо арызын кароо башталды. Бул тууралуу Абдилат Капаровдун адвокаты Эркин Саданбеков журналисттерге билдирди.

Ал жабырлануучулар Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сот залына келишпегенин, муну менен сотту жана процесстин башка катышуучуларын сыйлабай жатышканын белгиледи.

“2020-жылдын 5-6-октябрында Жээнбековдордун коррупциялашкан үй-бүлөлүк – кландык башкаруусу алмашып, өлкөдөгү саясий климат өзгөргөндөн кийин, мыйзамсыз соттолгон милициянын полковниги Капаров түрмөдөн бошотулуп, сот адилеттигин калыбына келтирүү боюнча сот бийлигинин жогорку органына кассациялык даттануу менен кайрылды”, – деп түшүндүрдү адвокат.

Адвокат соттук коллегия жабырлануучулар сот залына келбей калгандыгына байланыштуу процессти 2021-жылдын 12-январына жылдыргандыгын, А.Капаровдун аларды сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырганын билдирди.

https://chyndyk.media/2020/12/16/%D1%81%D0%BE%D0%BE%D1%80%D0%BE%D0%BD%D0%B1%D0%B0%D0%B9-%D0%B6%D1%8D%D1%8D%D0%BD%D0%B1%D0%B5%D0%BA%D0%BE%D0%B2-%D0%B6%D0%B0%D0%BD%D0%B0-%D0%B0%D0%BD%D1%8B%D0%BD-%D0%B1%D0%B8%D1%80-%D1%82%D1%83%D1%83/

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: