Саданбеков: Түрк ишкери негизсиз кармалууда

Түркиялык ишкер Гадир Байтар бир жылга чукул убакыттан бери негизсиз камакта отурат. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Саданбеков Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, түрк ишкери Байтар бир жылдын кеминде он бир айын Орусияда өткөргөн. Январь айынын аягында ал Кыргызстанга экстрадицияланган. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын башында түркиялык жер-жемиш өндүргөн “Gokler Narenciye” компаниясы менен түрк жараны Гадир Байтарга таандык кыргызстандык «Mimarat Trade» жоопкерчилиги чектелген коому цитрус жемиштерин Кыргызстанга алып келүү боюнча келишим түзүшкөн. Ушул эле жылдын март айында дагы бир түрк жараны Нусреддин Четин ага ишкер Гадир Байтар ири зыян келтиргенин айтып Биринчи май райондук ИИБине кайрылган. “Түркиянын прокуратурасы бул иш боюнча так чечим кабыл алган, Кыргызстан аны ушул убакытка чейин мыйзамсыз кармап отурат”, — деди адвокат Саданбеков.

Гадир Байтар учурда Бишкектеги №1-тергөө абагында кармалууда. Ушул тапта анын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.

https://www.azattyk.org/archive/ky-news/latest/828/828.html?id=24905147

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: