ГЭС чуусу: Чыгымын доолаган «СИМИ ДОО»


Нарын ГЭС каскады үчүн салынган курулуштар. 16-октябрь, 2014-жыл.
Нарын ГЭС каскады үчүн салынган курулуштар. 16-октябрь, 2014-жыл.

Сербиялык “СИМИ ДОО” компаниясы Жогорку Нарын каскадынын 2016-жылга чейинки курулушуна кеткен чыгымдарын кыргыз өкмөтүнөн өндүрө албай жатат.

Компаниянын маалыматына караганда, ГЭС үчүн курула турган бетон заводуна 30 млн. сомдук жабдуу жеткирилген жана муну сот бышыктаган.

Кыргыз өкмөтү эл аралык аудит текшермейинче, эч кандай чечим кабыл алынбай тургандыгын билдирип жатат.

Орусиялык «РусГидро» ишканасы жакында кыргыз өкмөтүнөн 37 миллион долларды өндүрүп берүүнү сурап, эл аралык сотко кайрылганы белгилүү болду. Кыргызстан Орусия менен келишимди 2016-жылы бир тараптуу токтоткон.

Жогорку Нарын каскады.
Жогорку Нарын каскады.

​“СИМИ ДОО​” 2016-жылы Жогорку Нарын каскадына бетон заводун куруу боюнча тендерге катышып, жеңип алган.

Жогорку Нарын каскадынын куруу келишиминин бир тараптуу токтотулушуна байланыштуу компанияда да ишти токтотуу, завод үчүн ташылып келген жабдыктарды кайтарып алуу, чыгымдарды өндүрүү муктаждыгы пайда болгон.

Бул максатта ал Бишкек шаарынын район аралык сотуна кайрылып, утуп алган. Сот Жогорку Нарын каскады үчүн бетон заводун курууга кеткен чыгымдарды кайтаруу милдетин Ат-Башы ГЭСинин жетекчилигине жүктөгөн.

Бирок компаниянын өкүлү Эркин Саданбеков сот чечимин аткарууга кыргыз өкмөтү жолтоо болуп жатканын айтты:

— Биз өзүбүздүн жабдуубузду кайтара албай жатабыз. Анткени ага бир да сом төлөнгөн эмес. Келишим боюнча 30 млн. сом болчу. Азыр «бетон завод» деп көк түстөгү эки жабдуунун курулушун көрсөтүп жатпайбы. Ал бетон завод эмес. Бетон заводдун шаймандары кураштырыла элек. Кураштырганга жетишпей калганбыз. Ал үчүн атайын адистер Сербиядан келишмек. ГЭСтин курулушу бир тараптуу денонсация болгондон кийин биз сотко кайрылдык. Бирок сот биздин пайдабызга чечкени менен Нарын облусунун губернатору, вице-премьер Боронов мыйзамды укпай, соттун чечимин аткарбай атышат.

Кыргыз өкмөтү бул маселени талаштуу деп эсептеп, эл аралык аудит текшерип чыккандан кийин гана чечим кабыл алынарын билдирүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов айтты:

Аманбай Кайыпов.
Аманбай Кайыпов.

— Биз өкмөттөн ГЭСти кайтаруу боюнча тапшырма алганбыз. Бүгүнкү күндө «СИМИ ДОО​» деген компания өзүнүн талабыз коюп, «бетон заводду алып кетебиз» деп эки-үч жолу аракет кылды. Бирок биз берген жокпуз. Ал компания Бишкектен район аралык соттон жеңип алган экен. Убагында Жогорку Нарын каскады сотко апелляциялык арыз менен кайра кайрылбаптыр. Ошондуктан азыр маселе чечилбей турат. ГЭСтин курулушу токтоп, бизге өткөрүп берип атканда бул бетон заводу 37 млн. сомдун ичине кирип калган, «төлөнгөн» деген мааниде. Биз ошого такап, азыр бербей кармап турабыз.

Жогорку Нарын каскадын жана Камбарата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен түзгөн келишимди Кыргызстан 2016-жылы бир тараптуу токтоткон. Бирок долбоорду ишке ашыруу милдетин алган орусиялык «РусГидро» ишканасы «курулушту пландоого 37 млн. доллар сарпталган» деп, аны кыргыз өкмөтүнөн өндүрүп берүүнү сурап жакында Гаага сотуна кайрылганы белгилүү болду.

«Сотто кыргыз бийлиги утулат» деген пикирлер элде, анын ичинде бийлик өкүлдөрүндө да басымдуулук кылат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү «РусГидронун» дооматын четке кагып, «эл аралык аудит текшериши керек» деген пикирди карманып келген. Бир катар жергиликтүү байкоочулар «орусиялык компаниянын эл аралык сотко кайрылышы Кыргызстанга пайда алып келбейт» деген күмөн ойдо турат. Алардын бири — Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

— Иш Гаага сотунда карала турган болсо Орусия тарап утат, — деди ал. — Анткени документтин бир пунктунда “ким биринчи бул келишимден чыкса, ал кеткен чыгымдарды төлөйт” деп жазылып турат. Демек Кыргызстан бардык чыгымды төлөп берет.

Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу жөнүндө 2012-жылы келишим түзүп, аны «РусГидро» жана «Электр станциялары» ишканалары турмушка ашырмак жана алгачкы агрегаттын курулушу 2019-жылы аяктамак.

Бүтпөгөн ГЭС, саргара күткөн эл 22-сентябрь 2017-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: