1-класстын окуучусун өлтүргөн аял кеминде 30 жылга эркинен ажырашы мүмкүн

15-декабрь. 1-класстын окуучусун өлтүргөн аял кеминде 30-жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу,»Кабарларга» кылмыш иштери боюнча адвокат Асель Рысбаева бүгүн, 15-декабрда кабарлады.
Анын айтымына караганда, жазык иши боюнча жашы жете электерди өлтүргөндөргө 12-жылдан 20-жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
«Аялдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт, бирок, аларды максималдуу түрдө эркинен ажыратууга жетишүүгө болот. Аталган кылмыш өспүрүм баланы уурдап кетип ага акча талап кылгандыктан, жаза аткаруу оор болот. Эки кылмышты бириктиргенде ашып барса 25-жыл эркинен ажыратылышы да мүмкүн»,-дейт ал.
Эске сала кетсек, Сокулук районун Кунтуу айылында 1-класстын окуучусунун жансыз денеси табылган. Маалым болгондой, баланы белгисиз аял уурдап кетип, ата-энесинен болжол менен 100 миң сомго жакын акча талап кылган.
10-декабрда эрте менен №81 орто мектептин 1-классынын окуучусу сабакка келген эмес. Бул учур жакында эле Билим берүү министрлиги киргизген — башталгыч класстардын окуучулары сабакка келбеген болсо класс жетекчи бул тууралуу окуучунун ата-энесине кабарлоо системасынан белгилүү болгон.
Абалды териштирүүдө маалым болгондой, бала сабакка кетип, бирок мектепке жеткен эмес. Көп өтпөй баланын энесине СМС аркылуу 150 миң сом кун сураган билдирүү келген.
Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, үй-бүлөнүн эски таанышы тергөөчүлөргө белгисиз себептер менен баланы жолдон уурдап барып, ага уктатуучу ийне сайып койгон. Андан кийин эс-учун билбей жаткан баланы эч ким жок ээн жерге таштап кеткен. 11-декабрда тергөө тобу баланы табышып, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон жок.
Учурда кылмышка шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак: «Кабарлар»

https://old.kabar.kg/kyr/MMKKGtuuralu/full/68960

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: