Милициянын полковниги У.Алиевдин өлүмүнө күнөөлүү деп эсептелген Б.Сыдыков мурдагы көрсөтмөсүнөн баш

Милициянын полковниги У.Алиевдин өлүмүнө күнөөлүү деп эсептелген Б.Сыдыков мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартууда

Бишкек, 10-ноябрь. /Эмилбек Момунов-Кабар/. Милициянын полковниги У.Алиевдин өлүмүнө күнөөлүү деп сот жообуна тартылган Бакыт Сыдыков мурда өзү берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн анын адвокаттары Мирсалы Осмонкулов менен Эркин Саданбековдор билдирүү жасашты.
Алардын айтуусунда, Вознесеновка айылындагы абак жайында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда ага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келишип, У.Алиевдин өлүмүн моюнга алуусун мажбурлашкан. Ал эми өлүмдүн сценарийин ошол кездеги ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Алмаз Эргешбаев жана анын кол астындагы кызматкери Дамир Давлянов айтып беришкен.
Милициянын полковниги Уран Алиев 2005-жылы 5-апрелде Ош шаарында өлтүрүлгөн. Ага өзү жашаган үйдүн кире беришинде эки ирет ок атылган.
2008-жылы КР ИИМ министринин орун басары Д.Федоров У.Алиевдин өлүмү ачылгандыгын жана бул кылмыш боюнча Тажикстандын эки жараны издөөгө алынгандыгын жарыя кылган.
Ал эми 2011-жылы 7-октябрда ИИМ Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы бул кылмыштын бети ачылгандыгын дагы бир ирет жарыялап, Бакыт Сыдыков менен Азиз Качыбеков камакка алынган.
Адвокат Э. Саданбековдун билдирүүсүндө, Б. Сыдыковго күнөөнү моюнга алуудан тышкары Жогорку Кеңештин 3-4 депутаты да бул кылмышка тиешелүү деп айтууну мажбурлашкан.
Адвокаттар У.Алиевдин өлүмүн тергөөнү башка органдарга, прокуратура же МУКК өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Анткени учурда Ош облусундагы убактылуу жайында кармалган Б.Сыдыков менен А.Качыбековдун өмүрүнө коркунуч туулууда. Ошондуктан аларды милиция кызматкерлеринин карамагында кармоо коркунучтуу деп эсептешет.

https://www.kabar.kg/kyr/law-and-order/full/16756

Эркин Саданбеков

адвокат

Читайте также: